"Жаан жаап, күн күркүрөйт". 27-августка карата аба ырайы

27-август күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалымдалгандай, кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым учурда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө +24...+29,

Таласта +22...+27,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30,

Ысык-Көлдө +21...+26 жана Нарында +22...+27 градус болот.

Бишкекте +25...+27, Чолпон-Атада +21...+23 жана Ош шаарында +28...+30 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан