Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок-1 айылын сел каптап, куткаруучулар жеринде иштеп жатат

Бүгүн, 27-августта Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок-1 айылын сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-1 айылынан өткөн Чу дарыясынын деңгээли алдын ала маалыматка ылайык кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен көтөрүлүп, жанында жайгашкан үйлөрдү каптоо коркунучу жаралган.

Ага ылайык, жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 9 куткаруучу, Көк-Мойнок айыл аймактан 1 экскаватор, Балыкчы шаардык Суу чарба кызматынан 1 ассенизатор тартылган.

Мындан тышкары ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан полковник Ринат Абдульманов жетектеген ыкчам топ, Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 15 куткаруучу, Балыкчы шаардык Тазалык ишканасынан 1 жүктөгүч тартылды.

Белгилей кетсек, жалпы 28 куткаруучу, 6 техника тартылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан