Кыргызстандын курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын “Аль-Нарс” клубу жана Кувейт курамасы менен жолдоштук беттештерде оюн талаасына чыгат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди.
Маалым болгондой, Кыргыз футболчуларынын башкы машыктыруучусу Стефан Таркович аларга катыша турган 26 оюнчуну аныктады. Оюндар Дубайда өтөт.
"Аль-Наср" клубуна каршы биринчи оюн 7-сентябрда өтөт, 11-сентябрда Кувейт курама командасы менен беттешет", - деп айтылат маалыматта.