Кыргызстандын аймагында ушул жылдын 27-28-августунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
"28-29-августта абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22 градус болот", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, ӨКМ кокту-колоттордон топтолгон селдин алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону эскертет.