Ошто Эгемендүүлүк күнүнө карата улуттук спорттун түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт

31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош облусунда көк бөрү жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, спорттук иш-чаралар 28-31-август күндөрү Ош облусунун “Төлөйкан” ат майданында жана Ош шаарынын Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда болот.
"Ат майданда көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, ат оюндары жана салбуурун боюнча беттештер, ал эми борбордук стадиондо кыргыз күрөшү, “Алыш” бел боо күрөшү, классикалык кыргыз күрөшү, ордо, айкүр жана таяк тартыш боюнча беттештер өтөт.
Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан келген спортчулар катышат", - деп жазылат анда.
Ошондой эле байге фонду 9 миллион сомду түзөрү кошумчаланды.
Аталган мелдештер өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, ошондой эле мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги программанын негизинде өткөрүлөрү айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан