Эркин журналист Али Токтокунов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу президентке кайрылып, орусиялык жарандар эмне үчүн кыргыз паспортун оңой эле алып жатканын түшүндүрүп берүүсүн жана паспорт алгандар тууралуу маалымат эмне үчүн жашыруун экенине жооп берүүнү суранды.
Президенттин ордуна Али Токтакуновго министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп берди. Ал орусиялыктар кыргыз паспортун оңой эле алып жатканын ырастады.
"Ооба, биздин мамлекеттердин ортосунда жарандык алуу өтө оңой. Анткени тээтиги 1990-жылдардын ортосунда Кыргызстандан көчүп жаткан орустарга жеңилдиктерди ошол кезде Акаев менен Ельцин түзүшкөн. Ошол эле келишимдин негизинде биздин 500 миңге жакын этникалык кыргыздар жана кыргызстандыктар Орусия жарандыгын алып коюшпадыбы. Кээ бирөөлөрү "прикол үчүн" эле алышкан. Аны айтып берип жүрүштү. Оңой арыздын эле негизинде бирөө суроо да бербестен автоматтык түрдө Орусия паспортун "патыратып" алганыбызды иликтесек болмок, Алике.
Эми болсо ошол келишим, көрсө, эки тарапка иштейт экен. Бизге канча жеңил болсо, алар дагы автоматтык түрдө алганга укуктуу экен. Бир канча жаштары (1991-жылдан кийин төрөлгөндөр) атасын же энесин Кыргыз жарандыгын алдыртып, анан өздөрү да алып жатышат. Ошондой келишим экен, эки мамлекеттин. Мурда бизге иштесе, азыр орус элине пайдасы тийип жатат. Кандай болгон күндө дагы биздей жүз миңдеген киши жок. Ашып кетсе этникалык орус жана башка паспорт алган москвичтерден бизге үч миңден ашпаса керек. Бул тизмелер бир канча электен өтөт - баары белгилүү. Фамилияларды жашырганыбыздын себеби да бар. Башка мамлекеттер, мисалы АКШ жана калгандары, деле жарыялабайт экен. Жеке турмуш сыры, "частная жизнь" баалуулукту урматтоо", - деп жазды Байсалов.