ПОЭТЕРАПИЯ:  "Сүймөксөн болуп ыйгардым сени досума, сүйүүдөн мурда достукту керек кыйбашым"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Лариса Жумадылова.

Лариса Жумадылова Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Миң-Булак айылында 1970-жылы 16-ноябрда туулган. 1987-жылы Арал орто мектебин аяктаган. 1987-1989-жылдары Каракол шаарындагы медициналык орто окуу жайынан билим алып, 2010-жылга чейин медицина тармагында эмгектенген. 2010-жылдан азыркы учурга чейин соода тармагында иштеп келет. Үй-бүлөлүү. Учурда Клара Ниязова жетектеген "Поэзия Ордосу " көркөм-адабий бирикмесинин, Орто Азия жазуучулар жана тарыхчылар союзунун ичиндеги "Янги Овоз" бирикмесинин мүчөсү.

Каарманыбыз "Поэзия ордосу" көркөм-адабий коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган конкурстарга активдүү катышып, аталган бирикменин "Күмүш калем", "Алтын калем" номинацияларынын жана диплом, ардак грамоталардын ээси болгон. Ошондой эле "Туран Биримдигинин" "Мыкты Калемгер" төш белгиси жана "Алыкулдун айылынан жолугалы" аттуу республикалык адабий кечеге активдүү катышкандыгы үчүн диплом менен сыйланган. Жети дубандын акындары бириккен "Поэзия ордосу" 2- 3-китептерине ырлары чыгып, жакында өзүнүн калемине таандык "Ак жылдыз" аттуу китеби жарык көрдү.

ЫРЫМ ЖАРГА ТАКАЛДЫ

Түндө ыр жазсам кагаз бетин чиймелеп,
Уйку-соодо сөздөр араң иргелет.
Тандап жазсам караңгыда асылын,
Ырга айланган ошол сүйүү чын демек.

Сүйүү ырым кагаз бетин саймалайт,
"Сүйөм" деген сөздү улам кайталайт.
"Сагындым" деп жазганымда саптарга,
Калем учу кагаз бетин аймалайт.

Уйкаш сөздөр шайкеш келсе сүйүнүп,
Жаза бердим караңгыда үңүлүп.
Жарык берип ай шооласы төгүлсө,
Жаздыгым да бийиктелди бүгүлүп.

Ай шооласы аппак кылса жакамды,
Эстеп кеттим алпештеген апамды.
Актадымбы апакемдин ак сүтүн?
Дегенимде ырым жарга такалды...

КАЙНЕНЕГЕ АРЗАНЫН

Дем алыш күн. Базар ичи ызы-чуу,
Сатуучудан аз өңдөнөт алуучу.
Окуяга күбө болдум капыстан,
Орто жашта терең ойго салуучу.

Бир жаш келин чукул өңдүү кыялы,
Апама деп арзан кийим сурады.
Сатуучу анда кымбатынан көрсөтүп,
Апаң үчүн алчы деди "мынааны"

Анда келин аста чытып кабагын:
- Апама эмес, кайненеме аламын.
Шашып жүрөм бериңизчи батыраак,
Кийимдердин арзанынын арзанын!

Орундатып сураганын кардардын,
Карбаластап таап берди арзанын.
Ойго батып тура берип селейип,
Байкабапмын оозум ачып калганым.

Жап-жаш эле көргөнүмдө жамалын,
Ошондуктан ойлободу бараалын.
Бир кезекте кийимдердин арзанын,
Келининен өзү кийип калаарын...

ДЕГИ КИМСИҢ

Жакшыга жооруп койчу түшүмсүңбү,
Таянар билектеги күчүмсүңбү.
Түбөлүк бул жашоодо мендик болор,
Бөлүнүп, чачылбаган бүтүнсүңбү?

Жонумду жооруткан же жүгүмсүңбү,
Алсыздан араң чыккан үнүмсүңбү.
Тамшанып, даамын татып жетпей калган,
Армандуу, айтып бүткүс сүйүүмсүңбү?

Алыста жанып турган үмүтсүңбү,
Ичимди куйкалаган күйүтсүңбү.
Бейкапар санаасы жок жан дүйнөмө,
Капыстан түшө калчу бүлүксүңбү?

Жашымды санап турган күкүксүңбү,
Отумду тутандырган күкүртсүңбү.
Жашоомду уламышка айландырып,
Чеги жок улай берген үтүрсүңбү?

Оорусам даба болчу даарымсыңбы,
Айланып, чуркап турган канымсыңбы.
Чын дүйнө сапарына аттанарда,
Оозумда тиштеп турган жанымсыңбы?

КӨРҮНДҮМ ОКШОЙТ АЙ БОЛУП

Гүлүңдү кармап күткөнүң күндө жолумдан,
Эстедим бүгүн, үйлөнүү-үлпөт тоюңдан.
Гүлүңдү алып, сүйүүңдү кабыл албастан,
Чыгаргам элем курдашым үчүн оюмдан.

Убайым тартып, сүйчү эле сени курдашым,
Уйкусуз өтөп, жүрчү эле түндүн кыйласын.
Сүймөксөн болуп ыйгардым сени досума,
Сүйүүдөн мурда достукту керек кыйбашым.

Сүйө албайм десем,
"жөнү жок мени кыйнаба",
Өңүңдөн азып, өзүңө келдиң кыйлада.
Өзгөрүп калды дедиңби балким, ойлонуп,
Өтүнүп көрдүң жаңырган кезде жыл кайра.

Кайталап айттым эзели сени сүйбөсүм,
Эсепке албай, эсиме дагы түйбөсүм.
"Сүйгөндү сүй!" деп дагы бир жолу эскерттим,
Сүйбөстү сүйүп башыңа балээ үйбөшүң.

Жаныңдан чыкпай турса да бүгүн жубайың,
Жалооруй карап абалым улам сурадың.
Уурдана карап көзүңдү менден албадың,
Унута турган келсе да эчак убагың.

Бактылуу бүгүн, курдашым сага жар болуп,
Бактысыз өңдүү, сен турдуң дүйнөң тар болуп.
Жылдыздай жанып турганда сенин жубайың,
Көрүндүм окшойт мен сага толгон ай болуп...

АЛ МЕНИН ЭНЕМ

Тоодой бийик, талаа түздөй кененим,
Суудай таза, океандай тереңим.
Кардай аппак, айдай жүзү жарыгым,
Гүлдөй жыттуу, күндөй мага керегим.

Ооруп калсам түшүн жооруп сезерим,
Жардам күтсөм шамалдан тез келерим.
Өзүм эне болсом деле балага,
Өмүр бою мээрим төгө берерим.

Бөлүнсөм да, жүрөгүнөн бөлбөсүм,
Кетирсем да, кемчилигим көрбөсүм.
Кара жанын курмандыкка чалса да,
Баласынан айрылууга көнбөсүм!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан