Бишкекте сойкукана уюштурууга шектелип 31 жаштагы аял кармалды  

Бишкекте сойкулукка үндөөгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына Бишкекте жайгашкан сауналардын биринде администратор болуп иштеген белгисиз аял сойкукана уюштуруп, аны тейлеп жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарында жайгашкан сауналардын биринин администратору кардарлардын өтүнүчү боюнча интим-кызмат көрсөткөн кыздарды издеп, ал үчүн материалдык пайда тапканы аныкталган.

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан саунанын администратору, 1992-жылы туулган К.Ю. аттуу жаран кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан