Тажикстанда катуу жааган жаандан улам 13 адам каза тапты

Кечээ, 27-августта Тажикстанда катуу жааган жаандан улам 13 адам каза тапты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, кечээ Тажикстандын бир катар аймагында сел жүргөн. Анын кесепетинен Вахдат шаарында 11, ал эми Рудаки аймагында 2 адам каза тапкан.

"Тажикстандын президенти каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Тиешелүү органдарга табигый кырсыктан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам берүү тапшырмасы берилди. Учурда кырсыктын алдын алуу боюнча иш-аракеттер каралууда",- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле селдин кесепетинен Душанбе-Чанак унаа жолунда сел, жер көчкү жүргөнү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан