Бүгүн, 28-августта Бишкек шаарында педагогдордун август конференциясы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин катышуусунда “Санарип билим жана жашыл көндүмдөр” аталышындагы педагогдордун август конференциясы башталды. Ага жогорку окуу жайлардын, райондук, шаардык билим берүү уюмдарынын, мектептердин директорлору катышууда.