Гүлжигит Сатыбеков: "Бүгүн таң атпай туруп атамдын батасын алдым"

"Супер концерт-2013тө" бир эмес эки наамга ат салышып жаткан Гүлжигит Сатыбековго концерт алдынан байланышка чыктык. 
"Эмнеге экенин билбейм, бүгүн күндөгүдөн эрте туруп super.kg порталына кирип, Супер концерттин роликтерин көрүп чыктым. Анан атама чалып, батасын алдым. Буюрса, даярдыгым жакшы. Концертте аккордеон менен жандуу ырдап калышым мүмкүн",- деп концерт алдындагы сезимдери менен бөлүштү.
Эске салсак, Гүлжигит Сатыбеков "Жылдын супер ырчы мырзасы" жана "Мен сенден кетейинчи" ыры менен "Жылдын супер ыры" наамдарына ат салышууда.  

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Супер концерт-2013" өтүүдө. Бул концертте жылдын мыктыларын жана жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы чыгарылат. Эртең ушул эле концерттин экинчи бөлүгү болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mishel16
2013-12-13 16:17:55
ийгилик
+1
Aikokul85
2013-12-13 16:54:33
Алга иийгилик каалайм.
0
shumkar82
2013-12-13 17:28:56
ийгилик каалайбыз
0
shum-16.92
2013-12-13 17:33:10
Ырлары аябай жагат маанилуу!!!Бирок биринен бири отот кыскасы ат салышкандардын баарысы мыкты...Баарынарга ийгилик!!!
0
asanov.chyngyz
2013-12-13 20:28:52
Ар дайым жакшы ырларды элине тартуулап журо бер.сага ийгилик!!!
0
nurik838383
2013-12-13 21:20:46
гулжигит сатыбековтун ырлары салмактуурак берки экооно караганда,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан