"Ала-Тоо" аянтында 100 миң сом таратмакчы болгон блогерге айып салынды 

Блогер Арген Асановго массалык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу эрежелерин бузган деп 7500 сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Буга чейин Казакстандагы белгилүү "Бир болайык" теле-шоусу аркылуу таанышып, түтүн булаткан түгөйлөр Арген Асанов менен Аружан Бекешова соцтармакта гив ойнотуп жатканы белгилүү болгон. Алар 26-августта саат 18:00дө "Ала-Тоо" аянтында элге 100 миң сомду таратып бермекчи болушкан. Бирок аянтка көп адам чогулуп, ызы-чуу болуп кеткендиктен милиция кызматкерлери блогерди кармап кеткен.

"Милиция кызматкерлери тарабынан А.А. уулуна карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 138-беренеси (Массалык иш-чараларды өткөрүү убагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу эрежелерин бузуу) боюнча протокол түзүлгөн. Ага ылайык, 7500 сом айып салынды", - деп билдиришти милициядан.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан