"Жерге караганда ысык". Индиянын космостук аппараты Айдан биринчи маалыматтарды бере баштады

Индиялык "Чандраян-3" космостук аппараты Айдан алгачкы илимий маалыматтарды таратты. Бул тууралуу Indian Space Research Organization (ISRO) Х социалдык тармагында жарыялады.

Жарыяланган маалыматта Айдагы температуранын графигин көрүүгө болот.
"Сунуш кылынган графикте Ай бетинин Жер бетине жакын катмарынын температурасынын ар кандай тереңдиктердеги өзгөрүүлөрү чагылдырылган, зонддун кириши учурунда катталган. Бул Айдын түштүк уюлунун биринчи профили", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми ISRO уюмунун кызматкери Би Дарукеша Press Trust of India маалымат агенттигине берген маегинде бул маалыматтар илимпоздор үчүн күтүүсүз табылга болгонун билдирген.

"Айдын бетиндеги температура Цельсий боюнча 20дан 30 градуска чейин болушу мүмкүн деп баарыбыз ойлогонбуз, бирок ал 70 градус болуп чыкты. Бул биз күткөндөн да жогору", - деген адис.

Индиянын "Чандраян-3" космостук аппараты Айдын түштүк уюлунун аймагында 1 Ай күнү же Жер планетасынын күнү боюнча 14 күн изилдөө жүргүзөт. Буга чейин Айдын түштүк уюлунда аска тектери табылган. Ошондой эле экспедиция Индиянын орбиталык "Чандрайан-1" станциясы баштаган Жердин спутнигинде сууну издөө ишин улантууга тийиш.

Эске салсак, 23-августта Индиянын "Чандраян-3" автоматтык ай станциясы Айдын бетине ийгиликтүү конгон. Муну менен Индия станциясы Айга конгон төртүнчү өлкө, ал эми Айдын түштүк уюлуна конгон дүйнөдөгү жалгыз мамлекет боло алган. Буга чейин Айга СССР, АКШ жана Кытайдын станциялары жайгашкан.

Ал эми 24-августта ISRO уюму Айдын биринчи сүрөтүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан