"Асман", "Мейкин". Чүйдө мурдагы айыл өкмөт башчысы ондогон мүлктөрдү мыйзамсыз алууга шектелүүдө

Чүйдөгү Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагынын мурдагы башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагынын мурдагы башчысы Ш.Н.Ш.га кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси жана 222-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

"Ал Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайда алуу максатында кызматтын кызыкчылыгына каршы, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуу, кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын лоббирлөө, башка компаниялардын өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен мамлекеттик сатып алууларга катышып, аффилирленген компанияларга жеңиштерди ыйгарган", - деп айтылат маалыматта.

Муну менен бирге шектүүнүн кылмыштуу кирешелерди адалдоо максатында, башка фигуранттарга каттоо менен бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз алганы айтылат.

Алар:

жер тилкелер - 20,

автоунаалар - 29,

жеке үйлөр - 6,

батирлер - 31,

өндүрүштүк цехтер - 5,

бетон заводу - 1,

соода борбору - 1,

спорт комплекси - 1,

кум жана шагыл композициялары чыгаруучу карьер - 1,

техникалык тейлөө станциялары - 1,

унаа токтотуучу жайлар - 3,

сарайлар - 3,

ресторандар - 6.

Жогорудагы мүлктөрдүн басымдуу бөлүгү Аламүдүн районунун аймагында жайгашканы кошумчаланды.

"25-августта Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан Ш.Н.Ш. УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда Ш.Н.Ш.га жана коррупцияга тиешеси бар адамдар тарабынан жасалган башка мыйзамсыз фактыларды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Видео: УКМКнын маалымат кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2023-08-28 23:04:00
Биллллаааа өлүп эле калыптыр го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан