Сокулукта коррупцияга шектелип кармалган 26 кишинин иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Чүй облустук милициясынан билдирди.
Маалымдалгандай, Сокулук районунда коррупцияга шектелип “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмүнүн, архитектура жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери кармалып, 26 адамга кылмыш иши козголгон.
"2011-жылдан бери Сокулук районунун"Кадастр" жана архитектура мекемелеринин, Новопавловка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнө пайда көрүү максатында Сокулук районунун Ак-Ордо жаңы конушунун №481-1 контурунда жайгашкан «Э» жана «Ж» кварталдарынын башкы планына атайылап туура эмес маалыматтарды киргизишип, натыйжада кошумча 43,2 гектар жер тилкесин бөлүп, аны 5 сотыхтан бөлүштүрүп, 614 жаранга жеке турак жай куруу үчүн сатып жиберишкен. Ошентип алар мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкен", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголуп, айыптоо корутундулары Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан соттук кароого жиберилгени маалымдалды.