"Жылдын супер ырчы айымы" наамына талапкер Айнура Салахидинова концертке даярдыктар тууралуу айтып берди.
“Супер концертке экинчи жолу катышып жатам. Биринчи эле өзгөчөлүк Улуттук филармонияда болгондугунда дегим келет. Ошондой эле быйыл жаңы ысымдар, жаңы жүздөр көп катышып жатыптыр. Мурдагы концерттерде бизге белгилүү, көрүнүп жүргөндөр катышканын билебиз. Комузда ырдайын дегем, бирок, эстрадалык ыр менен чыгам. Бийчи кыздар менен даярданып жатабыз. Шартка байланыштуу өзүм кошулуп бийлей албайт экем”,- деди ырчы.