Бишкекте АКШга виза алып берүүнү убадалап, жаранды ири суммага алдап кеткенге шектүү кармалды

Чүйдө алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2020-жылы Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2019-жылы күзүндө АКШга кетүү үчүн виза алууга жардам берем деп ири өлчөмдөгү акча каражатын алып, изин жашырып кеткен жаранга карата тиешелүү чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинде Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынганы айтылат.

"Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө издөөгө алынган жарандын жүргөн жери аныкталган. Ал ушул жылдын август айында Бишкек шаарынын аймагынан кармалды. Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгон Токмок шаарынын жашоочусу 1980-жылы туулган М.А. экени аныкталды.

Анын кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышы бар болгону жана алдамчылык жол менен жарандардын ири суммадагы акча каражаттарын, мүлктөрүн ээлеп алгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери уланып жатат. Соттун чечими менен кармалган жаранга карата бир айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан