Токтогулда талаадан баӊгизат чогултуп жаткан жарандар кармалды. Алардан 4 мүшөк баңги зат табылды

Токтогулда талаадан ири өлчөмдө баӊгизатын чогултуп жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул районунун аймагындагы талаадан ири өлчөмдө баӊгизатын чогултуп жаткандар боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында район аймагындагы талаадан салмагы болжол менен 63 килограммды түзгөн өзгөчө кескин жыты бар баӊгизатын чогултуп жаткан жеринен Токтогул районунун тургундары 1982-жылы туулган К.С. жана 1988-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан