"Сот аркылуу ажырашкан...". Караколдо үйлөрдүн биринде мурдагы жубайлардын жансыз денеси табылды 

Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде аялдын, анын сарайынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-августта саат 07:45 чамаларында милицияга Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде эки адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу барган үйдүн бөлмөсүндө 41 жаштагы Б.А. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Денесин сырткы кароо учурунда анын моюнунда тактар аныкталган.

Ал эми сарайда аркан менен муунган абалда 42 жаштагы М.М. аттуу жарандын жансыз денеси табылган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Б.А. жана М.М. никеге туруп жашап жүрүшүп, быйыл апрелде сот аркылуу ажырашып, чогуу жашабай калышканы аныкталган.

Учурда каза болгон жарандардын өлүмдөрүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылып жатканы кошумчаланды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан