Акыйкатчы Орусиянын миграциялык борборунда кармалып турган кыргызстандыктардан кабар алды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Орусиянын Москва облусундагы "Сахарово" миграциялык борборуна барды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Акыйкатчы институтунан кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы аталган борбордо убактылуу кармалып турган Кыргыз жарандары менен жолугушуп, аларды кармоо шарттары менен таанышты. Бул мекемеде миграциялык мыйзамдарды бузууга шек саналып кармалган 209 кыргызстандык бар экени маалым болду.

"Аталган мекемеде Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн кармалып, кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылган жарандар дагы бар. Алардын айрымдарынын ишин Жаманбаева өз көзөмөлүнө алды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан