Бүгүн, 13-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда
"Супер концерт-2013" өтөт. Бул концертте жылдын мыктыларын
жана жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы
чыгарылмакчы.
Супер концерттин сахна жасалгасы даяр. Уюштуруучу топ концерттин катышуучуларын, конокторду жана көрүүчүлөрдү чыдамсыздык менен күтүшүүдө.
Белгилей кетсек, эртең, 14-декбарда 17:30да Улуттук филармонияда ушул эле концерттин экинчи бөлүгү уланмакчы.