Жалал-Абадда 24 жаштагы аялды сабап, электрондук картадагы акчасын алып кеткен жигит кармалды

Жалал-Абадда 24 жаштагы аялды сабап, электрондук картадагы акчасын алып кеткен жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан биодиришти.

Белгиленгендей, милицияга 24 жаштагы К.Ж. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын 28-июлунда түнкү саат 23:30дар чамасында Жалал-Абад шаарында өзүнө тааныш болгон эркек бала спирт ичимдигин ичкен мас абалда аны уруп-сабап, денесине жараат келтиргенин айткан. Мындан сырткары, Редми 9 А үлгүсүндөгү телефонун жана “Мбанк” электрондук картасынан 52900 сом акча каражатын тартып алгандыгын билдирген.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине "Тоноо" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жабырлануучу денесинен оор жаракат алгандыгы аныкталып, кылмыш иши "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен квалификацияланган.

Аталган кылмыш ишине шектүү 1992-жылы туулган Х.А. аттуу жаран экендиги аныкталып, бирок анын жүргөн жери белгисиз болгондуктан издөө жарыяланган.

26-август күнү милиция тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында, Х.А. Кара-Балта шаарынан кармалып, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Анын баш коргоо чарасы бүгүн, 28-августта Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 1 айга камакка алуу чечими кабыл алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган окуя интернет тармагында дагы кызуу талкууга алынып, социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай пикирлерин калтырышкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан