"3-4 эсе актайт". Садыр Жапаров Ысык-Көлдө дагы 15 пансионат ижарага берилерин айтты (видео)

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды 49 жылга ижарага берүү шарттары боюнча маалымат таратып, пансионаттардын сүрөттөрү менен бөлүштү. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн, 29-августта Фейсбук баракчасына жазды.

"Ысык-Көлдүн айлана-тегерегинде бүгүнкү күндө ушундай 15 пансионат бар. Мамлекеттики же мамлекеттик мекемелердики.

Булар илгертен бери кароосуз калган же жакшы каралбай келет. Ушул пансионаттарды 49 жылга ижарага беребиз. "Инвестиция салам, мен алам" деген ата мекендик байларыбызды, чет өлкөлүк инвесторлорду чакырам. Келиңиздер, алыңыздар. 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканаларды салып иштетиңиздер. Албетте, салган инвестицияңарды кыска убакытта кайра чыгарып аласыңар дегенден алысмын. Бирок 49 жылда 3-4 эсе актайт деп ишенем. "Эмнеге мамлекеттин акчасын салып оңдоп койбойсуңар" деген жарандарыбызды угуп жүрөм. Кудайга шүгүр, мамлекетте акчабыз жок эмес, бар. Эмне деген иштерди жасап жатканыбызга күбө болуп жатасыңар. Мамлекеттин акчасын узак мөөнөттө актай турган бизнеске салуу максатсыз. Баарын эсептеп чыктык. Ошондуктан салбайбыз.

Кимде-кимди кызыктырган болсо мамлекеттик мүлк фондусуна кайрылсаңыздар болот. Негизги шарттар: алгандан кийин дароо инвестиция салып башташ керек. 3 жылдыздуудан жогору мейманканалар, коттедждер жана башкалар салынышы керек. Акчаң болсо эки жылда кычыраган пансионат кылсаң болот. 49 жылга алдым деп 5-10 жыл эч нерсе салбай басып жата берген жарабайт. Субарендага уруксат жок. Калган маалыматтарды мамлекеттик мүлк фондунан аласыздар", - деп жазды Садыр Жапаров.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан