Ысык-Атада 14 жаштагы жигит 8 күндөн бери дайынсыз болууда

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 2009-жылы туулган Баяман Кадыркулов 8 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 21-август күнү саат 9:00 чамасында Кант шаарындагы Ванахун көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 165 сантиметр, арык чырай, чачы кара, көздөрү күрөң. Үйдөн чыгып кеткен күнү кара түстөгү футболка жана кара түстөгү чолок шым кийип жүргөн.

Аталган факты Ысык-Ата ОИИБинде катталып, издөө иштери башталган.

Эгер сиз Баяман Кадыркуловду көрсөңүз же анын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат билсеңиз 0312 676907 (нөөмөт бөлүмү) 0709502955 жана 0505768876 (издөө тобу) номерлерине билдирип коюшуңузду Чүй ОИИББи суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан