Шоумен, тамада Максат Надырбеков туулган күнүндө өзгөчө белек алганын инстаграм баракчасына жарыялады. Белгилүү болгондой, жубайы Алина ага үй-бүлөсүндө толуктоо болорун сүйүнчүлөгөн.
"Биздин кубанычыбызда чек жок. Наристебиз буюрса, аман-эсен жарык дүйнөгө келип алсын. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө наристелердин үнү жаңырып турсун. Мен сезимдеримди сөз менен айтып жеткире албай турам чындыгында. "Бала - бакыт" деген ушу тура, атын укканда эле көп кыялдарга батып отурабыз. Кыскасы, 34 жашым өзгөчө белеги менен келди", - деп билдирди Максат Надырбеков.
Айта кетсек, Максат Надырбеков ушул жылдын февраль айында сүйүктүүсү Алинага баш кошкон.