Бүгүн, 29-августта өлкө башчы Садыр Жапаров испаниялык “Барселона” футбол клубунун президенти Жоан Лапорта менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, Садыр Жапаров Жоан Лапортаны жылуу тосуп алып, кылымдык клубдун Кыргызстанга келиши жалпы кыргызстандыктар үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.
Өлкө башчы Кыргызстандагы биринчи “Барселона” академиясынын ачылышы улуттук курама команданы профессионалдуу көтөрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, туризмди, спортту, инвестицияны жана өлкөнүн башка тармактарын өнүктүрүүгө оң мультипликативдик таасирин тийгизерин баса белгиледи.
Өз кезегинде футбол клубунун президенти “Барселона” өзүнүн принциптерин, баалуулуктарын жана спорттун ар кандай түрлөрү боюнча оюн стилин даңазалай турганын белгилеп, Садыр Жапаровго Борбор Азиядагы спорт уюмунун тажрыйбасын жайылтуу демилгесин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.
Жоан Лапорта Кыргызстандагы жаңы “Барселона” футбол академиясы клубдун бай тарыхына негизделген спортчулардын инсандык өсүүсүнө салым кошуп, алардын дараметин толук ачууга, ошондой эле күйөрмандардын спортко болгон мамилесин жакшы жакка өзгөртө тургандыгына ишенимин билдирди.
Соңунда Садыр Жапаров Жоан Лапортага Кыргызстанда “Барселонанын” футбол академиясынын ачылышына көрсөткөн колдоосу жана ушул иш-чараларга жеке катышкандыгы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.