Тууганынын кылмышын жашырып коюуну өтүнүп, милицияга пара берип жаткан жаран кармалды (видео)

Тууганынын кылмышын жашырууну өтүнүп, милиция кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июнда кечки саат 20:00 чамасында Ысык-Ата районундагы Юстиция министрлигине караштуу мекемелердин биринин короосуна белгисиз адамдар 983 грамм 330 миллиграмм гашиш чайырын ыргытып кетишкен.

Аталган факты боюнча 282-берененин 3-бөлүмү менен (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында 26-август күнү жогорудагы кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандын жакынымын деген белгисиз жаран байланышка чыгып, кылмышка шектелип жаткан тууганын кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, маселени оң жагына чечүү үчүн ИИМдин кызматкерлерине ири суммадагы акча каражатын сунуш кылган.

Бул факты боюнча да 345-беренеге ылайык (Пара берүү) кылмыш иши козголуп, териштирүү башталган. Ошол эле күнү атайын операциянын негизинде Бишкектеги кафелердин биринде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыкчам кызматкерине 150 миң сом акча каражатын накталай берип жаткан жеринен 1990-жылы туулган Х.Д. аттуу жаран кармалганы айтылды.

Такталган маалыматтар боюнча пара берүүнү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине куралдуу кол салуу жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери менен соттолуп, учурда жазасын өтөп жаткан жаран уюштурган.

Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.

ИИМдин кызматкерине аракет кылган жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан