Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги 2024-жылдын өндүрүштүк планын бекитти.
Министрликтин маалыматына караганда, январь жана май айларында узакка созулган эс алуулар болбойт. Бирок өкмөт эс алуу күндөрүн жылдырып, Жаңы жылда жана май айында каникул жарыялашы мүмкүн.
Календарда эс алуу күндөрү кызыл түс менен белгиленсе, майрам алдындагы кыскартылган күндөрдүн асты чийилген.
Орозо айт, Курман айт майрамдары айдын чыгышына карап белгиленет. Майрам эс алуу күнүнө туш келгенде кийинки жумуш күнү эс алуу күнү болуп саналары кошумчаланды.
22-февраль, 7-март, 20-март, 30-апрель, 8-май, 30-август, 6-ноябрь жана 31-декабрь майрам күндөрүнүн алдындагы кыскартылган күндөр болуп эсептелет.