Мэрия Бишкектеги дагы бир кафени бузду (фото)

Бишкекти мыйзамсыз курулштардан тазалоо иштери уланууда. Бул жолу Максим Горький көчөсүндөгү тротуардын курулушуна тоскоол болгон "Халил Ибрахим" кафесинин жолго чыгып кеткен бөлүгү бузулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кафенин чектен чыккан бөлүгүн бузууга мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучусу Райым Жолдошов, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле иштин жүрүшүндө мыйзамсыз курулган 179, 178, 176 дарегиндеги объектилер да демонтаждалууда. Буга чейин аталган объектилердин бардыгына эскертүүлөр берилгени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан