
Ветеринардык көзөмөлдүн алкагында 13 мал базарга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 13 мал базарга 109 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 45 мал базар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анын ичинен 22си ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берери айтылат.
23 мал базардын ээсине райондук ветеринардык башкармалыктар тарабынан көрсөтмөлөр берилген.