Бүгүн, 29-августта "Барселона" футболдук клубунун легендалары каталондук клубдун академиясынын ачылышына катышуу үчүн Жалал-Абадга келишти.
Жалал-Абад шаарына атактуу футболчу Эдгар Дэвидс, команданын капитаны Карлес Пуйоль жана башка футбол жылдыздары келген.
Эртең, 30-августта "Барселона легендалары" менен "Азиянын легендалары" командалары Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешишет.