Бүгүн, 29-августта Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти тарабынан уюштурулган педогогдордун август конференциясы болуп өттү.
Анда калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров 2022-2023-жылы билим берүү тармагында аткарылган иштер тууралуу сөз кылды.
“Жыл сайын салтка айланган мугалимдердин Август кеңешмесинде баарыбыздын алдыбызга билим берүү тармагын өнүктүрүү, анын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, заманбап шарттарда билим берүү чөйрөсүнүн иштешинин негизги багыттарын камсыз кылуунун, шаардын билим берүү тутумун өнүктүрүү жаатында жаңы багыттарды киргизүү милдети коюлгандыгын баса белгилемекчимин.
Билим берүү системасын өнүктүрүү, окутуунун сапатын жакшыртуу, татыктуу билим жана тарбия берүү мамлекеттик социалдык-экономикалык саясаттын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бүгүн мен шаарыбыздын билим берүү тутумундагы оң өзгөрүүлөр менен бирге эле айрым мүчүлүштүктөрдү дагы баса белгилөөнү туура көрүп турам. Билим берүүнүн стандарттарын өркүндөтүү, материалдык базасын жакшыртуу, жаңы мектептерди, бала бакчаларды куруу, мугалимдердин иштөө шартын жакшыртуу жаатында олуттуу жылыштар болууда. Айрыкча эмгек акылардын көтөрүлүшү мугалимдердин жигердүү изденүүсү менен иштешине дем берип, окутуунун сапаттык деңгээлин жогорулатууга таасирин тийгизет деп ойлойм”, - деди Абдыкадыров.
Ошондой эле ал билим берүү тармагында 2023-2024-жылдардагы аткарыла турган иштер тууралуу да айтып өттү.
“1-сентябрдан тарта мектеп директорлорунун, анын орун басарларынын айлык акысы 50 пайызга көтөрүлгөнү турат. Бул да сиздерге көрүлгөн камкордук. Тилекке каршы, мугалимдерге көрүлгөн ушундай ыңгайлуу шарттар, өз кайтарымын толук бербей жаткандыгы тынчсызданууну туудурат. Өткөн жылы Бишкек шаарынын окуучулары республика боюнча "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына ээ болгондордун 40 пайызын, жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификат алгандардын 45 пайызын түзгөн. Ал эми 2023-жылы “Алтын Тамга” артыкчылык аттестат алуу үчүн шаар боюнча 74 мектептен 271 окуучу табыштама берип, жыйынтыгында анын 20 пайызы гана өз билимин тастыктаса, жалпы республикалык тестирлөөдө 7 742 бүтүрүүчүнүн ичинен 1 791 бүтүрүүчү босого 110 баллын ала алышкан жок”, - деди калаа башчы.