"2 миллиард сом бөлүнгөн". Жалал-Абад шаары өлкөнүн экинчи экономикалык борбору болот

Жалал-Абад шаары Кыргызстандын экинчи экономикалык борбору болот. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарындагы акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун ысымы берилген жаңы борбордук проспектини ачуу аземинде билдирди.

Маалым болгондой, бул үчүн 2 миллиард сом каражат кеткен. Өлкө башчынын айтымында, өлкөдөгү чоң шаарларды өнүктүрүүгө биринчи жолу мындай сумма бөлүнгөн.

"Мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2023-жылы Жалал-Абад шаарын Кыргызстандын экинчи экономикалык борборуна айлантуу үчүн атайын план бекитилген. Мунун алкагында мамлекеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн. Быйыл Жалал-Абадда курулуш жылы болду десем жаңылышпайм. Шаар макамын алып жүргөн калктуу пункттарыбыз шаар макамына татыктуу болушу керек",- деди Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчы бөлүнгөн акчага Жалал-Абад шаарында ири курулуштар жүрүп, 10дон ашык социалдык-экономикалык долбоорлор ишке ашканын жана шаардын көптөгөн жолдору оңдолуп жатканын билдирди. Жакын арада башкы план өзгөртүлүп, Жалал-Абад шаарынын аймагы кеңейтилерин, заманбап эл аралык аэропорт куруу пландалып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Жалал-Абад шаары Кыргызстандагы үчүнчү чоң шаар болуп эсептелет. Аталган шаарда 130 миңден ашык адам жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан