Жалал-Абадда президенттин атасынын атындагы Ислам маданий борбору ачылды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта атасы Мусталый уулу Нуркожо ажынын ысымы ыйгарылган Жалал-Абад шаарындагы жаңы Ислам маданий борборуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров борбордун эки кабаттуу жаңы имараты менен таанышты. Биринчи жана экинчи кабатта намаз окуй турган жайлар бар, жалпысынан 450 кишиге ылайыкталган. Ушул эле жерде мамлекет башчысы намаз окуду.

Мындан тышкары жер төлөдө имамдардын ыңгайлуу билим алуусу үчүн бардык шарттар менен 3 бөлмө жабдылып, борбордун аймагында чет элдик коноктор үчүн жатакана да салынган. Объекттин курулушу былтыр августта башталып, бүгүнкү күндө толугу менен бүткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан