Баткенде 45 жаштагы жаран 5 килограммга жакын баңгизат менен кармалды

Баткенде ири өлчөмдөгү гашиш сатуу жана жеткирүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ооганстандан Тажикстан аркылуу андан ары Кыргызстанга “гашиш” баңги каражаттарын сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу баңги топторунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжайдагы базардын жанынан 1978-жылы туулган Х.И.Р аттуу жаран кармалып, мүшөктө скотчто оролгон 10 даана брикети алынды. Алардын ичинде өзгөчө жыты бар кочкул жашыл зат болгону айтылат.

"Экспертизанын корутундусуна ылайык, салмагы 4 килограмм 776 грамм болгон “кара куурай гашиш чайыры” баңгизаты аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон", - деп жазылат анда.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Х.И.Р. аттуу жаран баңги каражатын Өзбекстандын жарандарына сатууну көздөгөнү жана бул кылмыштуу топ узак убакыттан бери аталган өлкөгө “гашиш” маңзатын аткезчилик жол менен ташып, сатуу менен алектенип келгени аныкталган.

Учурда кармалган жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан