Москвада 16 жаштагы чемпион кыз сейил бакка кирген бойдон дайынсыз жоголду

Москва шаарында 16 жаштагы фигурист Алина Горбачёва дайынсыз жоголуп изделүүдө. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, ал кечээ, 28-августта Москвадагы "Чкалов Арена" спорт комплексинен чыккан. Акыркы жолу ал сейил бакка кирип бара жаткан жеринен видеокөзөмөлгө түшүп калган. Андан кийин аны эч ким көргөн эмес.

BAZA телеграм каналы Алина Горбачёва машыктыруучусу менен урушуп кеткенден кийин спорт аренадан чыгып кеткенин жазды.

Учурда ал изделип жатат. Анын айрым буюмдары дарыянын жээгинен табылганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан