30-августта Бишкектеги футбол боюнча "Барселона легендалары" жана "Азия легендалары" командаларынын беттешине байланыштуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, саат 14:00дөн баштап оюн аяктаганга чейин убактылуу чектөөлөр Тоголок Молдо көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Фрунзе көчөсү, Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө киргизилет.
Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала тандап алууну суранат.