Эртең, 30-августта өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми башка аймактарда жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдайт.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32 градус;
Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +25…+30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33 даражага чейин жетет.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26 даража болот.
Нарын аймагында түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27 градус жылуу болот.
Ал эми борбор калаада Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +30…+32 градус жогору болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.