"Кыргызстан, мен сиздерди сүйөм". Атактуу блогер Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө таң калганын айтты

Атактуу орусиялык блогер Гусейн Гасанов социалдык тармактагы баракчасына өлкө башчы Садыр Жапаров менен чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөдү.

Анда Гусейн Гасанов Садыр Жапаров чыныгы патриот адам экенин белгиледи.

"Мен Кыргызстанда үчүнчү жолу болуп жатам, анан бул жерде бардыгы мыкты жакка өзгөргөнүнө таң калдым. Президент менен сүйлөшкөндөн кийин мен ал өзүнүн өлкөсүнүн чыныгы патриоту экенин билдим.

Кыргызстан, мен сиздерди сүйөм", - деп жазды Гасанов.

Гусейн Гасанов кечээ, 29-августта Жалал-Абаддагы "Барселона" клубунун академиясынын ачылышына катышкан. Анын инстаграм баракчасында 26 миллион 700 миң катталуучусу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан