Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин Ми-8 МТВ тик учагынан 600-800 метр бийиктиктен парашют менен секирүү окуу-машыгуулары болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.
Секирүүгө 52806, 23565 аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы, парашют спорту жана абада сүзүү Федерациясынын мүчөлөрү катышты.
Ми-8 МТВ тик учагы менен 100гө жакын аскер десант болду.
"Буга чейин алардын баары милдеттүү түрдө жер үстүндө даярдыктан өтүшүп, материалдык бөлүгү, парашюттун жалпы түзүлүшү жана коопсуздук чараларын билүү боюнча зачётторду тапшырышкан. Секирүүгө "жакшы" деген баадан төмөн эмес зачётторду тапшырган аскер кызматчыларына уруксат берилген", - деп билдиришти министрликтен.