Даниель: "Супер концерттин сахнасынын заманбап жасалышын өзгөчө белгилегим келет"
Бүгүн, 13-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жылдын мыктыларын аныктаган концерт өтөт. Ошондой эле жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы чыгарылат. "Жылдын супер клиби" наамына "Айрылуу" аттуу клиби менен ат салышып жаткан ырчы Даниель Супер концерттеги даярдыктарга өзү да катышууда. "Супер-Инфо" гезити көп окулган мыкты гезит катары калыптанып калган. Негизи, 2-3 жылдан бери активдүү эмгектенбей жүрдүм. Быйыл клибим менен катышып жатам. Албетте, биринчи кезекте сахнанын жасалгасындагы өзгөчөлүктү белгилегим келет. Концерт мыкты деңгээлде өтөт деп ишенем",- деди ырчы.