Сириядан 95 кыргызстандык мекенине алып келинди

Бүгүн, 30-августта кезектеги гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерде турушкан Кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу боюнча “Айкөл” иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, өлкө башчысынын жана министрлер кабинетинин тапшырмаларына ылайык, 30-августта Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргыз жарандары алып келинди. Алардын 31и аял, ал эми 64ү жашы жете элек балдар.

Ага ылайык, Кыргыз жарандарын Сириядан репатриациялоонун экинчи этабынын ийгиликтүү ишке ашыруусу тышкы саясат, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана укук коргоо органдарынын макулдашылган өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашты.

"Кыргыз тарап АКШнын өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле БУУнун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык Кыргызстандын делегациясы аталган миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жашап турган калкынын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектерди жеткиришип, гуманитардык жардам көрсөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2023-08-30 10:23:00
Бети башты хиджабка оронуп тумчулануу аялдарга жакшылык, ийгилик алып келбейт. Бети башын оронуп чумконуп алгандар созсуз оронбогон аял затына карата жек коруу сезимдерин пайда кылат жана экстримизм ушундан улап пайда болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан