Ошто “Авто Ураган” жүрөт. Анда 3 саатта 14 унаа айып короого киргизилди

Ош шаарында “Авто Ураган” рейдинин алкагында 3 саат ичинде 14 унаа айып короого киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында “Авто Ураган” Аппараттык комплекси менен рейддик иш-чара өткөрүп, 3 саат ичинде 14 унаа айып короого киргизилди.

Ага ылайык, алардын көпчүлүгү айып пулун өз убагында төлөбөй издөөдө жүргөн жана айдоочунун наамынан убактылуу токтотулган унаалар экени айтылат.

Белгилей кетсек, “Авто Ураган” рейддик иш-чарасы Ош шаарында 2-сентябрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан