Ошто кыргыз-казак төкмө акындарынын кош байге айтышы өтөт

Ошто кыргыз-казак төкмө акындарынын кош байге айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эгемендүүлүк күнүнө карата, алгачкы агартуучу, жазгыч акын, ойчул жана тарыхчы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган XVI Эл аралык “Айтыш-2023” кыргыз-казак төкмө акындарынын кош байге айтышы өтөт.
Айтыштын расмий ачылышы жана биринчи күнү бүгүн, 30-августта Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында саат 18:00дө, ал эми финалдык бөлүгү 31-августта саат 16:00дө башталат.
"Билеттер драма театрдын кассасында сатылууда. Сурап-билүү телефону: 0550 313 256, 0703 327 752.
Келип төкмөлөрдүн кызыктуу айтышына күбө болуп, сүрөп кетиңиздер", - деп жазылат анда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан