Ош шаарында ордо оюну боюнча мелдештер башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Кечээ, 29-август Ош шаарында жайгашкан Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына арналган Президенттин Кубогунун алкагында ордо оюну боюнча беттештер башталды.
Мелдешке Бишкек шаарынан, Ысык-Көл, Талас, Чүй, Ош, Жалал-Абад облусунан жана Тажикстандан келген командалар катышууда. Финалдык беттештер 31-август күнү болору айтылды.