"Манас" аэропорту - Бишкек" унаа жолунда чет элдик үч жарандан синтетикалык баңги зат табылганын УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-августта Степное айылына жакын жерден BMW үлгүсүндөгү унаасы менен 2001-жылы туулган Ф.А.С., 2002-жылы туулган Ж.А.М. жана 2003-жылы туулган А.Р.М. аттуу эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды.
"Алардан жалпы салмагы 4 килограмм 166 грамм болгон "мефедрон" синтетикалык баңги заты табылган. Бул баңги заттын 1 граммынын баасы 6000 сомду түзүп, жалпысынан табылган жүктүн баасы 24 миллион 996 миң сомго бааланат", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында өткөрүп берүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Жогорудагы кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда аталган баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып жатканы кошумчаланды
"Бүгүнкү күндө синтетикалык дары-дармектин жаңы түрлөрү ыкчамдык менен пайда болууда. Жашыруун бөлүштүрүүгө жана сатып, таратууну уюштурууга мүмкүндүк берген коммуникация ыкмаларынан (интернеттин мүмкүнчүлүгү, социалдык тармактар) улам акчалай сыйлык үчүн жаштар ага кеңири тартылууда. Андыктан УКМК ата-энелерди балдарына этият болууга чакырат. Алардын оюн-зоогун, чөйрөсүн көзөмөлдөшүнө, түшүндүрүп, ар дайым сүйлөшүп турууга кеңеш берет", - деп айтылат билдирүүдө.
УКМК Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан ашкандар мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.