Өмүр бою эркиндигинен ажыраган кылмышкерлер менен иштеген Жаза аткаруу кызматынын кызматкери Рустам Көпшөков аткарган ишинин кыйынчылыктары тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
Анын айтымында, ал кызмат өтөп жаткан абакта оозго алынган, көзгө көрүнгөн кылмышкерлер жокко эсе. Ошондой эле ал кызматкерлердин коопсуздугу канчалык деңгээлде каралгандыгы тууралуу сөз кылды.
"Абактын бардык жерлеринде камералар бар. Темир торчолор менен обочолонгон. Мындан тышкары ыкчам учурларда айгай берүүчү тростор ар бир кабаттарга илинип, тартылган. Ошондой эле кызматкерлерге кол салганга аракет кылган шектүүлөр да бар. Алар кызматкерлер тарабынан өзүнчө катуу көмөлдө болушат", - деп айтты каарманыбыз.
Мындан тышкары ал жаштарды кылмыштан алыс болуп, соттолгондордун изин баспоого чакырды.
"Мен азыркы абакта отургандарга кылмыш кылба деп айта албайм. Анткени булар кылмыш кылып коюшкан. Ошол себептен мен сырттагы жаштарды, өспүрүмдөрдү соттолгондордун тагдырын кайталабаганга чакырам. Аларга айтарым билим алгыла, өзүңөрдү өнүктүргүлө дейт элем. Учурда билим алуу үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Эң башкысы жаштар кылмыш чөйрөсүнөн алыс болсо деп тилейт элем", - деп каарманыбыз жаштарга кеп-кеңешин айтты.
Толугу менен видеодон көрүңүз.