Кыргызстандын аймагында Tik Tok кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, министрлик аталган социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүп, Tik Tok платформасын колдонууда балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жатканын аныктаган. Буга байланыштуу аталган платформанын ишин токтотуу тууралуу чечим Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлгөн.
Министрликтин маалыматына караганда, бир катар бейөкмөт уюмдар Tik Tok социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс таасирине байланыштуу тынчсызданып кайрылышкан.
"Tik Tok колдонуучуну кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө батырат, аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул клиптерди кайталоого аракет кылышат, алардын айрымдары балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Мындан тышкары, балдардын жаңы калыптанып келе жаткан психикасы али туруктуу эмес, мындай контент көз карандылыкты жаратып, өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет",- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, TikTok социалдык тармагы 2018-жылы кытайлык "ByteDance" компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Аны 150 өлкөдө 1 миллиарддан ашык адам колдонот. Аталган социалдык тармак кыска видеолорду бөлүшүүгө арналган алдыңкы видеоплатформа болуп саналат.