Өлкө боюнча "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрү уюмдан баш тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта УКМКдан билдиришти.
"25-августта УКМК кызматкерлери тарабынан "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү А.М.М., К.Р.А. жана Т.М.Э.ге карата өлкө аймагындагы ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынды. Ага байланыштуу, аталган уюмдун мүчөлөрү мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылаары маалымдалды", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, кармалган шектүүлөр К.Р.А., T.M.E., А.М.М аттуу жарандар тандап алган диний багытты жаңылыш экенин түшүнүү менен, алар зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартышты.
Белгилей кетсек, учурда өлкө аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын жана анын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн андан ары аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.