Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Ноокат районунда болгон Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата Кыргыз эл баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине катышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, анда сөз сүйлөгөн Жапаров жалпы кыргыз элин эгемендүү майрамы менен куттуктап, Насирдин Исановдун кыргыз элине жасаган эмгектерин эскерди.
Ал Насирдин Исанов – өмүрүн мамлекетти курууга арнаган мамлекеттик ишмер, жаратман инсан экендигин белгиледи. Ошондой эле Исановдун өлкө экономикасын түп-тамырынан бери эң жакшы түшүнгөн премьер-министр болгонун кошумчалады.
Өкмөт башчы Насирдин Исанов жөнүндө кийинки сөз – бул Кумтөр экендигин кошумчалады.
“Исанов Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенин алдырбоонун үстүндө катуу аракеттерди көргөн. “Кумтөрдү өзүбүз иштетсек болот” деген позицияда болгон. Урматтуу агайын-туугандар, бүгүн Насирдин Исановдун мааракесинде тарых үчүн анын өлүмүнүн себебин ачык айтууга милдеттүүбүз. Насирдин Исановдун өмүрүн эл аралык афферист, мошенник Бирнштейн алды дейбизби, эмнеси болсо да, биздин айтарыбыз: Кумтөр – Насирдин Исановдун өмүрүн алган!”, - деди Жапаров.
Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу аземде Исановдун басып өткөн өмүр жолун чагылдырган сүрөт көргөзмө жана театралдаштырылган оюн-зооктор уюштурулду.
Мындан тышкары Акылбек Жапаров салтанаттуу иш-чаранын алкагында мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, Исановдун замандаштары жана туугандары менен бирге Насирдин Исанов өзү туулуп өскөн үйүнө барып куран окуду.
Кошумчалай кетсек, кечээ президенттин жарлыгына ылайык Насирдин Исановго “Ак шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы наамы ыйгарылганы маалымдалган.